Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда эки күндө 13 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда эки күндө 469 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 13 айдоочу мас абалда унаа башкарган.

«23-24-февраль күндөрү Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Эки күндө жол эрежесине баш ийбеген 469 айдоочу аныкталып, административдик протоколдор толтурулду. Алардын ичинен тиешелүү доккументтери жок унаа башкарган 10 айдоочу, ылдамдыкты ашырган 147 айдоочу аныксалса, бир унаанын айнектери мыйзамсыз караңгылатылган жана 13 айдоочу спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган. Жалпы 46 унаа атайын айып короого киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE