Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 133 млн сомго курулуп жаткан таштандыларды иштетүүчү завод жайында ишке кирет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод июль айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда. Мында Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми алдыда кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат. Калаада таштанды иштетүүчү завод биринчи жолу ишке кирет.

Калаада күнүнө 500 куб таштанды чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE