Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө келинин ала качып бараткан жалал-абаддык кайната кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында белгисиз жарандар келинди баласы менен уурдап кетишкен. Алар милиция тарабынан кармалгандыгын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-февраль күнү Каракол ШИИБге телефон аркылуу жергиликтүү тургун кайрылып, анын сиӊдисин — 19 жаштагы А.Р.ди 1 жаштагы баласы менен автоунаага күч колдонуп олтургузуп, белгисиз тарапка кетип калышканын билдирген.

Бул факт Каракол ШИИБи тарабынан маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, кылмыштын изин суутпай ачуу үчүн «Колго түшүрүү» операциясы киргизилген.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун операторлору тарабынан автоунаа жана анын ээси, ошондой эле келинди баласы менен уурдап кеткен жер тез аранын ичинде аныкталган.

Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну К.Ж.га тиешелүү болгон «ВАЗ-21074» үлгүсүндөгү аныкталган автоунаа жөнүндөгү маалымат милициянын бардык постторуна кабарланып, аларды кармоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

Тоӊ РИИБ боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын бөлүмчөсүнүн инспекторлору маалыматта көрсөтүлгөн автоунааны «Аалам Ордо» участкасынан токтотушуп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына автоунаа менен бирге өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу — 19 жаштагы келинди алдын ала сураганда, анын мурдагы күйөөсү — 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну К.Э. жана унаанын айдоочусу — 55 жаштагы кайнатасы К.Ж. аны мурдагы күйөөсү жашаган жерге баласы менен алып кетүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы бул факт боюнча иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE