Пример HTML-страницы

Видео — Айгүл Жапарова өзү окуган Түптөгү мектебине келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Байзак айылында Аалы Муканов атындагы №15 Санташ жалпы орто билим берүү мектеби капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Салтанаттык ачылышка Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, облустук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө мектин жалпы жамаатын куттуктап, окуучуларга ийгилик каалады.

«Мен өзүмдүн кыскача таржымалымды айта кетсем, дал ушул билим уясында 11-классты аяктап жаткан мезгил 1990-жылдарга туура келет. СССР курган система ыдырап, мугалимдер ар тараптуу колдоосу жок калган эле. Бирок, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жетишкен. Аз маяна менен иштеп келе жатып, жумушун таштаган жок. Бүгүн, биздин айылда майрам болуп жатат. Өзүңүздөр билгендей, мугалимдердин түйшүгү абдан оор жана жоопкерчиликтүү. Себеби алар келечек муундарды тарбиялап чыгышат. Аны менен бирге ажобуз мугалимдердин маянасын көбөйтүү менен баштады. Бул да болсо эмгекти баалоо эмеспи. Окуучулар силер абдан бактылуусуңар, ийгиликтерди каалайм», — деди А.Жапарова.

Долбоор алкагында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратка жалпысынан 39 миллион сом сарпталган. Курулуш иштери 2022-жылдын май айында башталып, эшик-терезе, чатыры, жылуулук тутуму, абаны тазалоочу желдетүүчү система, имараттын сейсмикалык туруктуулугу жогорулатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE