Пример HTML-страницы

Турналардын үйүрү Жайылдагы дыйкандардын талааларын айланып жүрөт. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы дыйкандардын талааларын турналардын үйүрү айланып жүрөт.

Жаз-күз айларында миңдеген турналар Кыргызстандан учуп өтүшөт. Кээде токтоп эс алышат.

«Көбүнчө кооз канаттуулар Жайыл районундагы арпа жана жүгөрү эгилген айыл чарба талааларын эс алуу үчүн колдонушат. Дыйкандар көп чыгымга учурайт. Бирок талаага тийишпейт.

Саналуу турналар уя салып, калып калышат. Бул канаттуулар Чүй өрөөнүндө табуу кыйын болгон жерлерге отурукташат. Кыргызстанда эки түрү кездешет. Эки түр тең Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга ар бир турна үчүн 15 миң сомдон айып пул салынат», — дейт эколог Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE