Пример HTML-страницы

Түптүн жайлоосунда аккан туздуу суу менен агарган тоо элди өзүнө тартууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы Чар-Кудук жайлоосуна жакын аймактан тери ооруларына дарылык касиети бар туздуу суу чыгат. Бүгүнкү күндө табигый жаратылышка кызыгып, көрүп кеткен ички туристтердин саны арбын болуп жатканын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Жергиликтүү тургун Жакшылык Иманбетовдун айтымында, бул аймак Түп районунун борборунан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Чар-Кудук жайлоосунда бээнин сүтүн ичип, жаратылыш койнунда эс алып кеткендер көбөйдү. Мындан улам бул аймактагы табигый туздуу булактан суу алып кеткендер бар. Себеби экзема, псориаз сыяктуу тери ооруларына, гайморит жана башка илдетке шыпаа болору эзелтеден бери эл оозунда айтылып келет. Ал эми экинчи бир өзгөчөлүгү булактан суу алып, аны отко кайнатса, күнүмдүк тамак-ашка колдонуучу туз чыгат. Азыр болсо тоонун бир бети агарып, туз көрүнүп турат.

Бул алыскы жайытка жай мезгилинде 20дай чабан мал багып чыгат. Бул аймакка жетиш үчүн жол азабы бар. Ошентсе да жергиликтүүлөрдүн жана ички туристтердин кызыгып жатканы кубандырат. Келечекте инфраструктураны жакшыртып, туристтик жайга айландырсак кирешелүү булака айланмак», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE