Пример HTML-страницы

Ошто тергөөчүлөргө сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushИчки иштер министрлигинин Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата Ош облустук ички иштер башкармалыгында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарада Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, Тергөө кызматынын кызматкерлеринин майрамы менен куттуктап, түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгилик каалады.

«Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерге ИИМдин төш белгилери, ардак грамоталары ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE