Пример HTML-страницы

Өлүм менен аяктаган Ысык-Көлдөгү эс алуу: Кармалган 4 жигитке айыбы угузулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл райондук соту Талас облусунун 23 жаштагы тургуну Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандарды абакка кести.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ысык-Көл райондук сотунун 2024-жылдын 5-апрелиндеги иш боюнча айыпталуучуларга карата өкүмү менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:

— Б.Б.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеснин 2-бөлүмүнүн 5,15-пункту (Бир топ адамдар тарабынан бейбаштык максатында жасалган адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Сот ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөсүн деген чечим чыгарган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет.

— Э.А.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеснин 2-бөлүмүнүн 5,15-пункту (Бир топ адамдар тарабынан бейбаштык максатында жасалган адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Сот ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөсүн деген чечим чыгарган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет.

— Ж.Р.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеснин 2-бөлүмүнүн 5,15-пункту (Бир топ адамдар тарабынан бейбаштык максатында жасалган адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Сот ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөсүн деген чечим чыгарган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет.

— А.У.А. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеснин 2-бөлүмүнүн 5,15-пункту (Бир топ адамдар тарабынан бейбаштык максатында жасалган адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Сот ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөсүн деген чечим чыгарган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 13-августунан баштап эсептелет.

Мындан тышкары, сот жабырлануучу А.А.Э.нин пайдасына 180 миң сомдон материалдык зыян, ошондой эле моралдык зыян — ар биринен 250 миң сомдон биргелешип өндүрүп алуу чечимин чыгарган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районундагы «Золотые пески» пансионатында адам өлүмү катталганын жазган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 6-август күнү саат 05:10 чамасында Ысык-Көл РИИБге көл жээкте Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. каза тапканы боюнча кабар түшкөн. Бул факт райондук милициянын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Алгачкы кароо иштери жүргүзүлгөндө маркумдун денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Окуянын күбөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзгөндө маркум 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көлгө эс алганы келгени аныкталган.

Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30 чамасында маркум жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда маркум белгисиз адамдар менен урушуп, кийин аны эс-учун жоготуп жаткан жеринен бардын аймагынан таап, адамдарды жардамга чакырган. Жардамга чуркап келген эс алуучулардын бири өзүн медицина кызматкеримин деп тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери бул жарандын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунун 23 жаштагы тургуну У.К. болгон. Анын айтымында, бул күнү таңкы саат 05:00 чамасында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сурап кыйкырган үндү уккан. Ошол жерге чуркап барып, ал жигитти эс-учун жоготкон абалда көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып жабырлануучунун тилин жутуп алганын байкап, тилин тартып алуу үчүн анын жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардам бригадасы келип, жардам көрсөтүүнү уланткан. Бирок аракеттин баары текке кеткен.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат, деп айтылат маалыматта.

Маркумдун артында жубайы жана 2 жаштагы кызы калды.

Кийинчерээк коомчулукта резонанс жараткан Ысык-Көл районунун Бостери айылында 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

10-августта Ички иштер министри Улан Ниязбеков 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун үй-бүлөсү жана жакындары менен жолугушкан.

ИИМдин басма сөз кызматы көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилдгенин билдирген.

Алар: мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары — 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болгон.

Трансляция: 371509

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE