Пример HTML-страницы

Мугалим Роза Адинаева үйүндө күзгүдөн, гипстен, чайырдан кооз идиштерди жасап сатууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун 28 жашта тургуну Роза Адинаева үйүндө күзгүдөн, гипстен, чайырдан декоративдүү буюмдарды жасап киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, декреттик өргүүдө бош олтурбай иш баштап, кем-карчысын толуктап келет. Анын колунан чыккан идиштер район аймагындагы дүкөндөрдө да кездешет. Буйрутмалар да тынымсыз түшүп турат. Учурда жердештеринин бирөөсү Умра сапарынан келе жаткан ата-энесине арнап, атайын дасторконго колдонгонго таттууларды салган 2 кабаттуу идиштерди буйрутма кылган.

«Кесибим боюнча биология сабагынан мугалим болуп иштеп келем. Азыркы учурда декреттик өргүүдөмүн. Ушул кичинекей баламды төрөгөндө төрөт үйүнө эле үйдө эмне менен алектенсем деп ойлонгом. Инстаграммдан бир казак кыз менен таанышып калдым. Ал гипстен, күзгү, чайырдан идиштерди жасайт экен. Анын курсунан окудум. Ал кантип жасалат жолдорун үйрөттү. Бирок аны менен кайтарым байланыш болгон жок. Аны менен чектелбей татар улутундагы кыздан дагы үйрөндүм. Ал дагы «жасай аласың» деп мага колунан келишинче жардам берди. Кызыгып дароо үйрөнүп алдым. 1 жылда жакшы эле тажрыйба алып, кирешеге чыга алдым.

Башында жолдошум каршы болду. Анткени мен бош убакыт тапсам эле отура калып ар нерселерди жасай берчүмүн. Жолдошум «Убактыңды пайдасыз коротосуң. Андан көрө балдардын тарбиясы менен алектен, китеп оку» деп жүрдү. Бирок мен бул ишти жасаганда ырахат алам. Аял киши өзүнө жаккан иш менен алектенсе чарчабайт, эс алат. Анан маанайы да ачык болот. Эне бактылуу болсо балдар да, жолдошуң да шаңдуу болот.

Ошентип кошуналар, тууган-урук баары кызыгып сатып алып жатышты. Биринен-бири угуп, сатып алгандар көбөйдү. Суроо-талап жогорулап, дүкөндөргө да өткөрө баштадым. Алар да кызыгып алышат. Азыр балдарымдын жанында үй оокаттарымды жасаганча жакшы эле кирешеге чыгып алдым. Керектүү материалдарды Бишкектен алдырам. Буйрутма беришсе жолдошум үйлөрүнө жеткирип берет. Азыр жолдошумдан жакшы колдоо болуп жатат. Мен идиш жасап жатканда балдарымды ойнотуп, каралашат.

Кызыгуум күч болгондуктан, ар кандай буюмдарды жасап чыгам. Баасы деле кымбат эмес. Көп кабаттуу тарелкалар 700-800 сомдон. Конфеттерди салса болот. Күзгү идиштер бар, колдонгонго абдан кооз, дасторкондун көркүнө көрк кошот. Азыр баары эле күзгү идиштерди колдонуп калышты. Анын баасы 1000-1200 сом. 4 даана, 6 даанадан буйрутма беришет. Анын бирөөсүн белек катары берем.

Мындан сырткары сааттарды жасайм. Ага өлкө боюнча буйрутма түшөт. Башка өлкөлөрдөн да буйрутма түшкөн. Британиянын желеги түшүрүлгөн сааттарга буйрутма түштү. Бизде сырт жактарга жеткирип берүү кыйын болгондуктан буйрутма албай калдым», — деди ал.

Роза айым идиш жасап сатуудан сырткары бул өнөрдү декреттеги айымдар үчүн үйрөтүүчү курс ачкан. Ай сайын каалоочулар катталып, бул ишти алып кеткендер бар.

«Кичинекей кезимде эле кол өнөрчүлүккө шыгым бар эле. 3-классымдан эле килем токуп, сайма сайчумун. Мен өзүм Лейлектин Маргун айылынын кызымын. Бизде килем согуу кеңири таралган. Кыз-келиндерге сөзсүз түрдө үйрөтүшчү. Кийин Андарак айылына турмушка чыктым. Азыр жолдошум аскер кызматында болгондуктан Сүлүктү шаарында турабыз. Бул жакта да ишимди улантып жатам», — деди ал.

Чебер айым 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE