Пример HTML-страницы

Лейлектик тургунду алдап кеткен шектүү Оштон кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында алдамчылыкка шектелип, изделип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Лейлек районунун Сумбула айылынын тургунунун эки баш уюн мал базарда 2021-жылдын декабрь айында Ош шаарынын 58 жаштагы Б.А. аттуу тургуну 78000 сомго баалап алып, акчасын бербей качып жүргөн.

Бул факты боюнча арыздануучу 2022-жылдын 18-июнь күнү милицияга арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Б.А. сот жообунан качып, сотко келбей качып жүргөн.

2022-жылдын 17-октябрь күнү издөөдө жүргөн Б.А. Ош шаарынан Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда сот иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE