Пример HTML-страницы

Чүйдө 2 унаа кагышып, 5 адам ооруканага жеткирилди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-августа саат 17:20 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 69- чакырымында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылыны коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Лексус 570» унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып жолдун оң тарабында турган «Фиат Пунто» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. унасы чыга калган учурда кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен турган «Фиат Пунто» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү жабыр тартып, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына кайрылышкан.

Алар:

1989-жылы туулган С.А.К.

1988-жылы туулган С.Д.О.

2019-жылы туулган А.А.А.

2012-жылы туулган К.А.К.

2015-жылы туулган К.А.К.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE