Пример HTML-страницы

Боомдо бараткандар жол боюндагы кол салууну видеого тартышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБоом капчыгайындагы малга сүлөөсүн кол салды. Окуя жергиликтүү элдин көз алдында болгон.

«Биз унаа менен Боом капчыгайында бара жатканбыз. Ошондо жолдун жанынан козуну жеп жаткан сүлөөсүндү көрдүк. Жырткыч бизди көрөрү менен көздөн кайым болду. Андан кийин биз малдын ээсин издеп баштадык», — деп билдиришти окуянын күбөлөрү.

Алар социалдык тармактардын жардамы менен козунун ээсин табышкан. Ал сүлөөсүн ушуну менен малга экинчи жолу кол салып жатканын билдирген. Эми мал ээсинде «Үй жаныбарларын мыйзамдын коргоосунда турган жырткычтан — сүлөөсүндөн кантип коргоо керек?» деген суроо турат.

Сүлөөсүн — мышыктар түркүмүнө кирген эң кооз жырткыч жаныбар. Ал Борбордук Азиянын талааларында кенен тараган. Кыргызстандын аймагында жашаган сүлөөсүндүн түрү Түркстан сүлөөсүнү деп аталат. Тянь-Шань тоолорунда, токойлорунда, бадалдарында күн кечирет.

Эң сак жырткыч айылдардан алысыраак тоолордун бетинде, кокту-колоттордо жашап, коён, суур, кекилик сыяктуу жаныбарлар менен азыктанат. Кээде кой-козуларга кол салат. Кийинки күндөрү ачка болгондон койлорго кол салган учурлар көп учурап жатат, дешет жергиликтүүлөр.

Айрым маалыматтарга караганда, сүлөөсүн январь, февраль, март айларында төлдөйт. Сүлөөсүндүн саны азайганына байланыштуу 1972-жылы аны атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан тартып Кыргызстандын Кызыл китебине катталып, коргоого алынган. Аны аткандар 50 миң сом айыпка жыгылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE