Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» улут баатырларын унутпайт. Таласта Ч.Түлөбердиевдин 100 жылдыгы белгиледи

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата бир катар иш-чарага көмөк көрсөттү.

Ушул жылдын 16-сентябрь күнү баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган жери — Чымгент айылында 100 жылдык мааракеси болуп өттү. Аталган мааракени Чолпонбай айыл өкмөтү уюштуруп, демөөрчү катары «Альянс Алтын» компаниясы менен «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 800 миң сом акчалай каражат бөлгөн.

Мааракеде Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырлыгын даңзалап айтыш өткөрүлүп, балбандардын күчүн сынаган кыргыз күрөш менен көк бөрү уюштурулуп, ага конок катары коңшу Казакстандын Жамбул облусу менен Орусиянын Воронеж облусунун башчылары чакырылган.

Орусиядан келген коноктор Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги унутулбаганын айтып, ал баатырлыгын көрсөткөн Дон суусунун боюндагы Воронеж облусунда үч мектепке аты берилгенин, музейи, эстелиги орнотулганын белгилешти.

«Альянс Алтын» компаниясы улут баатырларын унутпоо жана алардын эрдиктерин келечек муунга даңазалоо максатында кандай гана иш-чара болбосун колдоого аларын айткан өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев Чымгент айылындагы музейди дагы капиталдык оңдоодон өткөрүп беришкенин айтты.

«Чолпонбай Түлөбердиев жалгыз эле кыргыз элинин баатыры эмес, бүтүндөй Советтер союзунун баатыры. Анын Улуу Ата Мекендик согушта душмандын дзотуна төшүн тоскон эрдиги канчалаган элдерди суктандырган. Мына ушул баатыр атабыздын өзүнүн туулуп- өскөн айылында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейи бар. «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду мындан эки жыл мурун чатырын жаңыртууга 1,5 миллион сом каражат бөлүп берсе, 2022-жылы капиталдык оңдоо иштерине деп, 5 миллион сом акча бөлүп берген. Бүгүнкү күндө музей толук оңдолуп, ачылышы 100 жылдыкка карата 16-сентябрда болду. Баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги келечек муунга үлгү», — деди Батырбек Качкымбаев.

Эске сала кетсек, Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кара-Буура районунун Чымгент айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы чакырылып, 1942-жылы 6-августта душмандын дзотуна төшүн тосуп, баатырларча курман болгон. Эрдиги СССР тарабынан бааланып, Советтер союзунун баатыры болгон.

Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы Бишкек шаарындагы парк, көчө, Таласта айыл өкмөтүнө ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE