Пример HTML-страницы

Ак-Талаада Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-март — Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий салтанат өткөрүлөт. Баетов айылындагы борбордук сейил бакта боз үйлөр тигилет.

Салтанаттын жүрүшүндө боз үй, сүмөлөк кайнатуу, бозо салуу сынактары өткөрүлөт.

Ошондо эй эле, спортун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдештер уюштурулат. Сынак жана мелдештерге акчалай байгелер коюлат.

Салтанаттын акырында Ак-Талаа районунан чыккан 60 ырчы чоң программадагы концерт тартуулашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE