Пример HTML-страницы

Ак-Сууда мугалимдер арасында Эл аралык эне тил күнүнө карата сармерден уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери сармерден оюнун өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сармерден 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулду. Анда унутта калып бара жаткан каада-салт көрсөтүлүп, жалындаган таланттар ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бийлеп, табышмак, жаңылмачтарды айтышты.

Иш-чарага келген Ак-Суу райондук администрациясынын башчысынын орун басары, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдердин талантына баа берип, баалуу белектерди ыйгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE