Пример HTML-страницы

Ак-Суу районунда 14 айыл өкмөт жоюлуп, 6 гана айыл өкмөт калат (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14 айыл аймак бар. Административдик аймактык реформанынын негизинде 6 айыл аймакка ирилештирилет. Учурда район аймагында түшүндүрүү иштери жүрүгүзүлүп жатканын Ак-Суу райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Адилет Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгы чыкса, реформанын алкагында 6 айыл аймактын аталышы төмөнкүдөй болот:

1. Теплоключенка, Кереге-Таш айыл аймактары биригип, Кыдыр-Аке айыл аймагы деп аталат.

2. Боз-Учук, Жыргалаң, Ак-Чий, Ак-Булуң айыл аймактары биригип, Хан-Теңири айыл аймагы деп аталат.

3. Отрадное, Тепке, Каракол айыл аймактары биригип, Каракол айыл аймагы деп аталат.

4. Октябрь, Кара-Жал айыл аймактары биригип, Алтын-Арашан айыл аймагы деп аталат.

5. Челпек, Бөрү-Баш айыл аймактары биригип, Кашка-Суу айыл аймагы деп аталат.

6. Эңилчек айыл аймагы чек арага жакын жайгашкандыктан өзүнүн аталышы калтырылат.

Жыл башында Түп районундагы 13 айыл өкмөтү 5 айыл өкмөтүнө бириктирилген. Бул биригүү президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 28-декабрындагы №414 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыгынын негизинде ишке ашкан. Анын алкагында башка райондордо да иш алып барылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE