Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы тургунду жубайы сарайдан асынган абалда тапкан. Өлүм алдындагы 2 барак кат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда жергиликтүү тургун асынып каза болгон. Ал каза болгонго чейин өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айтып, кат жазып кеткен.

  • Айыпталуучу Тилек (аты өзгөртүлдү, Н.Т.Ч.) 1963-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Тилек 1959-жылы туулган Сабырга (аты өзгөртүлдү, Т.С.А.) карата басмырлоо жасап, кемсинтип, эл арасында мазактап, ал жөнүндө жалган жалаа мааламаттарды таратып, анын жайыт комитети боюнча жетишпестиктерин айтып, коркуткан. Ал жетишпестиктерди жайылтпоо үчүн андан 500 000 сом акча каражатын талап кылып, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген.

Сабыр 2022-жылдын 18-мартында саат 08:19дар чамасында кийип жүргөн курткасынын ички чөнтөгүнө 2 баракка жазылган кат салып, Тилек өзүн өзү өлтүрүүгө жеткиргенин билдирип, өзүнүн үйүндөгү мал сарайында жипке мойнунан асынып каза болгон.

Айыпталуучу Тилек күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаты жана төрагасы болуп иштеген. Маркум менен айыл өкмөттө бирге иштеп, аны жакшы таанычу. Жайыт комитетиндеги жүктөгүч унааны (погрузчик) арендасы жок иштетип жаткандыгы боюнча айыл тургундары кайрылгандыктан ал техниканын ижара акысын чечүү үчүн сессия өткөргөн. Сессияда аталган техника үчүн жыл сайын 350 000 сом төлөй турган кылып чечип беришкен.

2021-жылдын сентябрь айында экинчи сессияда аталган техниканын ижара акысы боюнча суралган учурда 350 000 сомдук ижара акынын 270 000 сому төлөнгөнү айтылган. 2021-жылдын 29-декабрында айылдык кеңештин кезектеги сессиясында айыл өкмөттүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Сабыр 2021-жылдын отчетун берип, техниканын ижара акысынан түшкөн 270 000 сому каякта экени тууралуу суроого 140 000 сом жол оңдоо үчүн колдонулганын, ал эми 130 000 сому банкта экенин айткан. Жыйынга жайыт комитетинин эсепчиси катышкан эмес.

Андан кийин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы өз каалосу менен иштен бошогон. 2022-жылдын февраль айында жайыт комитетинин төрагасы кызматына талапкерлер көрсөтүлгөнүн уккан. Бирок Сабырга бут тосуп, ал боюнча ар кандай ушак сөздөрдү таратпаганын, жайыт комитетинин төрагасы болууга каршы болбогонун, анын кадыр-баркын кемсинтпегенин жана аны 500 000 сом акча бересиң деп коркутпаганын көрсөттү. Ал жергиликтүү кеңештин депутаты жана төрагасы катары жүктөгүч трактордун ижара акыларын гана тактаганын билдирди.

Сот отурумунда маркумдун жубайы көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2022-жылдын 18-мартында эртең менен жолдошу жергиликтүү кеңештин сессиясына катышарын айткан. Саат 08:00 чамасында «малдарды карап келем» деп эшикке чыгып, кайра кайтып келген эмес. Саат 08:30 чамасында жолдошун издеп, мал сарайга барган учурда асынып каза болуп калгандыгын көргөн. Чөнтөгүнүн ичинен кагазга жазылган кат табылган. Ал каза болгонго чейин «жайыт комитетинин төргасын шайлоодо Тилек мага каршы болуп жатат» деп айткан. Бир күнү уктап жатып сөгүнүп ойгонгон. Эмне болуп жатканын сураганда «Тилек менин түшүмө да кире турган болду» деп айткан.

Сот отурумунда суралган күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, маркум кошунасы болчу. 2022-жылдын 18-мартында эртең менен мал карап сарайда жүргөн учурда кошунасы тараптан катуу үн чыккан. Чуркап барган учурда маркумдун жубайын бир келин кармап турганда «акең асылып алыптыр» деп айткандыктан сарайга кирип караган. Маркумду асылып турган абалда табышкан. Милиция кызматкерлери келип, маркумдун курткасынын ички чөнтөгүнөн эки барак кагаз табылган.

Сот отурумунда башка күбөлөр да суралды.

Айыпталуучу райондук соттун 2022-жылдын 6-октябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү (өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүүсү, бул байкабастан жабырлануучуну өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирүү) боюнча күнөөлүү эмес деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы болбогондуктан акталган.

Соттун өкүмү менен макул болбой, прокурордун жардамчысы апелляциялык сунуш келтирип, айыпталуучу маркумга карата басмырлоо жасап, кемсинтип, эл арасында мазактап, ал жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткиргенин билдириген. Себеби маркум жазган катта: «2021-жыл үчүн погрузчикке Ч.А. 270 000 акча төккөн. Анын 140 000 миң сомунун отчету берилген. 130 000 сом остаток менде. Былтыр 2021-жылы М.С. иштеген эмес, ал киши эч нерсе билбейт. С.да эч күнөө жок, ал билбейт. Мен Т.С. 2022-жылы жайыт комитетинин төрагалыгына кандидаттыгымды койсом, буга Н.Т. каршы болуп, элди өйдө-ылдый кылып, эки жакка бөлүп жатат. Мен жөнүндө ар кандай ушак сөздөрдү таркатты жана менден 500 000 сом акча бересиң деп коркутту. Менин өлүмүмө ушул киши — Н.Т. себепкер, күнөөлүү. Ушул кишини менин балдарым, туугандарым келгенче каматкыла. Балдарым келип, бир нерсе кылып койбосун. Т. ушакчы, себепкер. Аялым Н. билбейт. Эч кандай күнөөсү жок. Мени кечирип койгула. Т.С. 18.03.2022-жыл» деп жазылган.

Прокурордун жардамчысынын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөсү, соттук-техникалык, соттук-медициналык экспертизалардын корутундулары менен толук далилденет. Сот бул далилдерди эске албай, актоо өкүмүн кабыл алганын көрсөтүп, аны Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, мыйзамга ылайык жаза белгилөөнү суранган.

Апелляциялык даттанууга карата айыпталуучу жана анын жактоочусу каршы пикир келтирип, райондук соттун 2022-жылдын 6-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранышкан.

Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 31-январындагы өкүмү менен райондук соттун өкүмү өзгөртүүсүз, прокурордун жардамчысынын апелляциялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды.

  • Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык даттануу же сунуш келтириши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE