Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар булуңга 40 миң балык кое беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖергиликтүү тургундар Ысык-Көлгө 40 миң чабакты кое беришти.

Мергенчилер жана балыкчылардын баштапкы уюмунун жетекчиси Юрий Горбенконун айтымында, көлгө балык кое берүү демилгесин жергиликтүү тургундар Виктор Сивков менен Александр Глобенко, ошондой эле жергиликтүү экоактивисттер Самат Мамагулов менен Владимир Чащенко көтөрүшкөн. Алар 10 миң сомго сига-лудоги балыгынын 40 миң чабагын сатып алып, Ананьево айылына жакын жердеги жээкке кое беришкен.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, бул балык Ысык-Көлгө Севан көлүнөн (Армения) жумуртка түрүндө 1966-жылы алынып келген. «1966-жылдан 1982-жылга чейин көлгө 90,8 миллион личинка жана 21,9 миллион чабактары кое берилген.

Сига-лудоги балыгы XX кылымдын 60-жылдарынан бери кое берилип келет. Бирок көлдөгү запасы анча деле чоң эмес. Анткени алар көбүнчө жасалма жол менен көбөйүшөт. Белгилей кетсек, Ысык-Көлдөгү браконьерлик да өзгөчө форель, сига-лудоги сыяктуу баалуу балыктардын көбөйүүшүнө терс фактор болуп саналат», — деди биолог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE