Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Эрлан Асаналиев депкир, чеңгел жана башка ашкана буюмдарын жасоо менен алек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынын 31 жаштагы тургуну Эрлан Асаналиев ашканага керектүүү буюмдарды жасоо менен алек. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Кол өнөрчүлүк менен 2012-жылдан бери алектенем. Бул өнөрдү мага агам үйрөткөн. Кесибим боюнча ашпозчумун. Учурда депкир, чеңгел, чыпка жана башка ар кандай керектүү буюмдарды жасайм.

Бир депкирди 15-20 мүнөттө жасайм, материалды Каракол шаарынан сатып алам. Баасы 200 сомдон 500 сомго чейин, кардарларым жетиштүү эле. 3-4 күндө жасаган 100-150 даана депкирди дүң баада өткөрөм. Өзүм согом, үйдөгүлөр мага көмөк көрсөтүшөт. Кудай буюрса, ушул иштерим алдыга жылып кетсе, өзүмө чакан цех ачсамбы деген ой-максатым бар. Мындан сырткары үйдүн сыртын оңдоп-түзөө иштерине да шыгым бар», — деди ал.

Эрлан Асаналиев 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE