Пример HTML-страницы

УКМК акушер-гинекологду кармаган соң, 11 дарыгер иш таштоо үчүн өз арыздарын жазышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 дарыгер иш таштоо үчүн өз арыздарын жазышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аларга удаа эле бейтапкананын дагы 47 кызматкери кол топтошкон. Иш таштоого чыккан Аксы аймактык бейтапканасынын кызматкерлери бул кадамга барганын 2023-жылдын 2-февралында кесиптеши, төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Асылзаада Молорбаеванын коррупция фактысына байланыштуу кармалганына байланыштырышууда.

Ал эми УКМК тарабанынан шектүү катары кармалган А.Молорбаева окуя тууралуу буларга токтолду.

«2023-жылдын 22-январь күнү Кашка-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну — кош бойлуу аял А.Т. Аксы райондук бейтапканасынын патология бөлүмүнө жаткарылган. Бул жолку кош бойлуулугу үчүнчү баласына болгон. Ал буга чейинки балдардын баарын операция жолу менен төрөгөн экен.

Аялды 26-январь күнү операция жасап төрөтүп алдык. Ачыгын айтканда, операция оор болду. Бул операцияны эки, тагырагы кесиптешим Кадырбек Маратов менен бирге жасаганбыз. Бирок ал операциядан кийин жумуштары менен Бишкек шаарына кеткен болчу.

2-февралда ал мага байланышып, 26-январда операция жасаган аялдын күйөөсү ыраазычылык иретинде 4000 сом акча берерин айтты.

Ал айткандай, чын эле аялдын күйөөсү келип, 7000 сом берди. Мен кесиптешим айткандай, 4000 сомду гана алып, калганын кайрып бергем. Көп өтпөй, төрөт бөлүмүнө УКМКнын кызматкерлери келип, баса калышты. Чындыгында, ал акчаны мен кесиптешим айтканынан жана күйөөсү ыраазы болуп берип жатат деп алгам.

Ошол күнү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаарына кызматкерлер менен бирге кеттим. Ал жакта түнкү саат 22:00гө чейин суроо-жооп болуп, андан кийин мени “жумушуңузга бара бериңиз” деп кетиришти. Эртеси жумушка келип, иштеп жатсам, сүрөт-видеолорум менен жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарып салышыптыр.

Бул окуядан кийин райондук мамалекеттик админстрациясынын жетекчилиги тарабынан мага кысымдар болуп, “биздин районду жалпы элге тааныткан кызматкерге чара колдонгула” деп айтылгандан кийин мага жетекчилик тарабынан кысымдар болуп, жумуштан кетүүмдү талап кылышты. Ошол себептүү мен жана мени колдогон 11 дарыгер арыз жазып, дагы 47 медициналык кызматкер жумуштан кетүү тууралуу айтып чыгышты», — деди дарыгер А.Молорбаева.

Ал эми жумуш таштоого белсенген 11 кызматкерлердин бири Айгерим Станбекова акыркы мезгилде дарыгерлерге болгон мамиле суз болуп калганын айтат.

«Бүгүн 11 дарыгер жана 47 медициналык кызматкер арыз жазып, кол топтодук. Акыркы учурда биз дарыгерлерге карата мамиле өзгөрүп, а түгүл эшикти тээп кирип, биз менен урушкандар болот. Биздин төрөт бөлүмгө байланышкан окуядан кийин да мамиле өзгөргөндүктөн биз ушул кадамга барып жатабыз. Эгер биздин укугубуз корголбосо, биз иш таштоого даярбыз», — дейт дарыгер А.Стамбекова.

Сөз болуп жаткан райондук бейтапканын башкы дарыгеринин орун басары Кылыч Буланбеков кызматкерлердин иш таштоосу боюнча маалыматы бар экенин, бирок кызматкерлер жетишсиз экенин айтты.

«Бүгүн 11 дарыгер, 47 медициналык кызматкердин иш таштаганы тууралуу уктук. Чындыгында биздин бейтапканада кадр маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет. Алсак, ушул тапта балдар бөлүмүндө бир дарыгер жана бир ординатор иштеп жатат. Мындай кадр жетишсиздик маселеси бизде ондоп саналат. Эми кызматкерлер иш таштайбыз дегени — бул бир маселе. Ал эми коррупция фактысы боюнча ушул тапта тергөө амалдары жүрүп жатат», — дейт ал.

Аксы райондук бейтапканасынын төрөт бөлүмүндө 6 дарыгер бар. Мында өткөн жылы 1737 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми жыл башынан бери 189 бала төрөлдү.

Буга чейин УКМК билдиргендей, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун акушери көз жарган аялдан акча алган жеринен кармалган.

«Аксы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө паракорчулук жана акча талап кылуу калыптанганы аныкталды.

Тактап айтканда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, акушер-гинеколог — 1983-жылы туулган М.А.А. акча талап кылып жаткандыгын айткан.

Акушер 2-февраль күнү иш бөлмөсүндө талап кылган акчасын алганда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE