Пример HTML-страницы

Сузактын тоолуу аймагындагы тургундар өпкөсүн акысыз текшертип жатышат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун тургундары флюорография аппаратына акысыз түшүп жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ушул тапта көчмө аппарат Сузак районунун тоолуу зонасынын калкын текшерүүдөн өткөрүп жатат. Орто эсеп менен бир күндө 100-120 киши аппаратка түшүүдө.

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Бурулкан Кадырова бул саамалык алдыңкы күндөрү Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарлары, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда уланаарын айтат.

«Жалал-Абад облусунун көпчүлүк район-шаарларында флюорография аппараты жетишсиз. Мындан улам жарандар Жалал-Абад шаарына келип түшүп кетүүгө аргасыз болушат. Кээ бирлери «убара болуп барамбы?» деп, ден соолукка кайдыгер мамиле жасашат. Мындан улам биз илдетти эртерээк таап, анын алдын алуу үчүн эрте жаздан бери облустун алыскы район-шаарларына барып, калкты акысыз аппаратка тартып жатабыз. Ушул тапта көчмө флюорография аппараты Сузак районунун тоо зоонасында, тактап айтканда Курманбек айыл өкмөтүндөгү жашоочуларды тейлеп жатат. Бир күндө орто эсеп менен 100дөн 120га чейин киши келип, өпкөсүн тарттырып жатышат.

Бул иш-чарабыздын негизги максаты — оорусун билбей жүргөн жарандарды аныктап, аны батыраак дарылоо. Кургак учук ооруусу кээде кишинин иммунитетине карап симптому билинип же билинбей калат. Мындай учурда бир гана аппаратка түшүү менен дартты аныктай алабыз. Мындай иш аракет менен биз ооруга чалдыккан адамдарды таап, аларды дарылап калууга жетишебиз. Бул саамалык кыш мезгилине чейин Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарлары, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда уланат», — деди Б.Кадырова.

Сузактын Кара-Чолок айылынын тургуну Нуриза Болушова көчмө аппаратка түштү. Ал буга чейин мындай аппаратка Орусияда миграцияда жүргөндө түшкөнүн, айылда бул саамалык алгачкы жолу болуп жатканын айтат.

«Дарыгерлер тобу райондун жогорку зонасына келип, иштеп жатканына 3 күн болуптур. Айылдаштардан угуп алып, мен да аппаратка түшүү үчүн келгем. Бирок кезекте тургандар көп экен. Кыргызстанда өпкөнү таркан бул аппаратка алгачкы жолу түшүп жатам. Буга чейин Орусияда миграцияда жүрүп, медициналык китепче үчүн аппаратка түшчүбүз. Айыл жергесинде кишилер өз саламаттыгына көп деле маани бербейт, өпкөсүн тарттыруу үчүн Жалал-Абад шаарына деле бара беришпейт. Айылдарды кыдырып келгени абдан жакшы болду», — деди ал.

Быйылкы жылдын 9 айына карата облуста кургак учук оорусу 549 кишиден жаңы табылган. Ал эми жыл башынан бери 320 орунга ылайыкташкан кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 630 бейтап кайрылып дарыланган. Ал эми 17 бейтап илдеттен каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE