Пример HTML-страницы

ОшТУнун студенттеринин эки долбоору колдоо тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетиндеги бизнес-инкубатордун студенттери ийгиликке жетишти. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-18-февраль күндөрү ОшТУда «Жергиликтүү өнүгүү» аттуу долбоордун алкагында студенттердин арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.

«Бул семинарда студенттер тарабынан ОшТУнун бизнес-инкубаторунда даярдалган бизнес идеяларды камтыган долбоорлор сунушталды. Бул аткарылган иштер комиссия тарабынан текшерилип, мыкты бизнес идеяларды камтыган беш долбоор мыкты деп табылды. Жыйынтыгында бул 5 иштин ичинен 2 мыкты бизнес долбоорго 2000 доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE