Пример HTML-страницы

ОшТУ «Мээримдүү жүрөк» видеоролик сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан «Мээримдүү жүрөк» аттуу видеоролик сынагы уюштурулду.

Сынактын максаты билим берүү менен гана чектелбестен, окуучуларды гумандуулукка, ыймандуулукка, кайдыгер болбоого үйрөтүү болуп саналат.

Видеороликтер төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынды:

— боорукердик адамга жылуулук тартуулайт;

— калктын аярлуу катмарына карата таза үй, таза короо;

— калктын аярлуу катмарына жакшы маанай тартуулоо;

— жашоо жакшы иштер үчүн берилген.

Сынак Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мектептеринин 9-10-11-класстарынын арасында 2024-жылдын 11-мартынан 19-апрелине чейинки аралыкта өткөрүлдү. Видеоролик сынагына 36 мектептен 49 видеоролик келип түштү.

22-апрель күнү атайын түзүлгөн көз карандысыз комиссия жыйынтыгынын негизинде 1-2-3- орундар аныкталды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 23-апрель күнү атайын түзүлгөн программанын негизинде ОшТУнун актылар залында өткөрүлүп, байгелер тапшырылды.

— 1-орун — Ош шаарына караштуу №31 Курманжан датка мектеп гимназиясы, байгеге ноутбук;

— 2-орун — Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы №14 А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясы, байгеге планшет;

— 3-орун — Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Турдумамбет кызы Акылай, байгеге телефон.

Андан сырткары активдүү катышкан мектептерге — Куршаб айылындагы №19 Толонов Амирбек атындагы орто мектебине, Кара Суу районуна караштуу №101 К.Момбекова орто мектебине, Алай районуна караштуу №17 Кызыл Алай орто мектеби, Алай районуна караштуу Ак-Босо айылындагы №18 А.Түкеев атындагы орто мектеби, Өзгөн районуна караштуу №53 Ботобеков атындагы орто мектебине акчалай сыйлык берилди. Сынакка катышуучуларга ардак грамота жана сертификат ыйгарылды. Иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган конкурс кафедра тарабынан экинчи жолу өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE