Пример HTML-страницы

Ошто миллиондорун карактатып, интернетке видеосу тараган жаран үн катты

Акыркы жанылыктар

Turmush25-апрель күнү Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлардын биринен 3 млн 600 миң сом каракталган.

Окуяга түздөн-түз катыштыгы бар, аталган акча алмаштыруучу жайдын ээси Turmush басылмасына окуя боюча кыскача айтып берди.

«Ошол күнү эртең менен саат 08:00 чамасында жумушка барсам, бир бала согуп, итерип жиберди. Эч нерсени билбей, көзүмдү ачсам ооруканада жатат экенмин. Жумушка келе жатканда ким бар, ким жок экени боюнча элеске албапмын. Бирок, эки жигит басып келе жаткан.

Май куюучу жайда иштегендердин формасына окшош кийимде, же таштанды ташуучу болуп иштегендердин окшош кийиминде келишкен. Жүздөрү жабык, көздөрү гана ачык болгон. Кимдер экенин тааный албадым. Бирөө-жарымдан да шегим жок. Азыр бул боюнча милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Мен өзүмдүн аман калганыма шүгүрчүлүк келтирип жатам. Ден соолугум жакшы, дарыгерлер жакшы карап жатышат. Биздин жашыбызда таяк жеш кыйын экен», — деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында ири суммадагы акча каражаты тонолгондугун жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя 2023-жылдын 25-апрелинде саат 08:10 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда болгон. Тергөөдө өздүгү аныкталбаган эки жаран медициналык бет кап, кол кап тагынып, белгисиз үлгүдөгү тапанчаны колдонуу менен бастырып кирип, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну Х.Б.га карата күч колдонуу менен бети-башына уруп, акча алмаштыруучу жайдан 3 600 000 сом накталай акча каражатын тартып алып, алдын ала аларды күтүп турган «ДЭУ Нубира» үлгүсүндөгү унаага отуруп, качып кетишкен.

Анын кесепетинен жабырлануучу Б.Х.га алдын ала маалымат боюнча, 3 600 000 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Ал жабыркап, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө кайрылган.

Бул факты 2023-жылдын 25-апрелинде Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, ал жерге эксперт-криминалисттин катышуусунда кароо жүргүзүлүп, сүрөткө тартылып, тийиштүү материалдар топтолгон. Далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Аталган факты боюнча жыйналган иш кагаздарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Учурда окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөө максатында иш мерчемдер түзүлүп, аталган кылмышты жасаган жарандардын өздүгүн аныктоо максатында ыкчам тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE