Пример HTML-страницы

Ноокатта волейбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунда 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата жана Уркуя Салиеванын жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдеш мектеп окуучулары арасында өтүп, жалпы 15 команда ат салышты. Натыйжада 1-орунду Көк-Бел, 2-орунду Бел, 3-орунду Т.Зулпуев айыл аймактарынан түзүлгөн командалар жеңүүчү аталды. Оложолуу орунга ээ болгондор Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн I, II, III даражадагы дипломдору, баалуу белектер менен сыйланышты. Ал 1-орунду багындырган Көк-Бел айыл аймагынын командасына өтмө кубок тапшырылды.

«Бул иш-чара мындан ары жыл сайын уюштурулуп, окуучулардын ден соолугу чың болушуна шарт жаратуубуз зарыл» — деди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев.

Аны менен катар Төөлөс айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн окуучуларга 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE