Пример HTML-страницы

Назгүл Маматова 47 жашында баатыр эне болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushМээрман айым Назгүл Маматова көп жылдардан бери саламаттыкты сактоо тармагында иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Назгүл Маматова Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жашайт. 47 жашында «Баатыр эне» наамын алган.

«01.08.1995-жылдан тартып Кош-Дөбө ооруканасында балдардын эмчи айымы болуп иштегем. Азыркы учурда М.Көкөбаев атындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда үй-бүлөлүк эмчи айым болуп иштейм. Биздин кесип ардактуу, ары жооптуу десек болот.

7 балам бар — 2 кыз, 5 уул. Биринчи кызым Жумалиева Айнура 14.09.1993-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 2 уулу бар, учурда үй кожейкеси, экинчи кызым Жумалиева Гүлнара 01.07.1995-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 1 кызы бар, үй кожейкеси, үчүнчү уулум Жумалиев Акжол 28.02.1998-жылы туулган, ар кандай жумушта иштейт. Төртүнчү уулум Жумалиев Жамин 30.01.2000-жылы туулган, С.Чокморов атындагы лицейин бүткөн. Өзүнүн кесиби боюнча устачылык кылып иштейт. Бешинчи уулум Жумалиев Умар 23.07.2011-жылы туулган, мектепте окуйт. Алтынчы уулум Жумалиев Нурбол 05.02.2016-жылы туулган, мектепте окуйт. Болотбеков Нурислам 25.12.2018-жылы туулган, балдар бакчасында тарбияланат.

Жумуш убактысы бүткөндө, үй-бүлөм менен биргеликте убактымды өткөргөнгө аракет кылам. Балдарым менен сабактарын окуп, эс алууларын уюштурам. Жайкы каникулда көлгө эс алууга жиберип турам. Үй-бүлөбүз менен да эс алганга аракеттенем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE