Пример HTML-страницы

Нарында тоют чөп тартыш болуп, бир түгү 580 сомдон бааланууда

Акыркы жанылыктар

Turmush13-мартта Нарын шаарында тоют чөптүн бир түгү 580 сомдон сатылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаздын кечигиши менен тоютка болгон баа улам көтөрүлүп жатат.

«Эртең менен мал базарга чөп алууга берсам, эки унаа чөп бар болчу. Чөп тартыш болуп жаткандыктан, алармандар тез эле алып кетишти. Мен 10 түк чөпкө араң жетишип калдым. Аз алсаң, 600 сомдон сатышат экен. Мурун чөптү биринчи же экинчи чабык деп сатып ала турган болсок, азыр табылган чөптү эле алууга туура келип жатат», — дейт шаар тургуну.

Ал эми Нарын районундагы айылдарда чөптүн баасы 500-550 сомдон сатылып жатканын айтышууда.

Нарын районунун тургуну Таалай Кубаналиевдин айтымында, элдер чөптүн ордуна силос сатып алып жатышат.

«Чөптүн баасы кымбат болуп жаткандыктан бодо малга тоюмду деп, силос сатып алып жатабыз. Анын 1 килограммы 15 сомдон сатылып жатат», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE