Пример HTML-страницы

Келечектеги ветеринар Аселдин кайын иниси аны өзгөчө мактап, элди күлдүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу Селекция айылынын тургуну Асель Мамырбекова келечекте мал доктур болот. Учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ветеринария факультетинин 5-курсунун студенти.

Ал 2000-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында жарыкка келген. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«2006-жылы М.В.Фрунзе атындагы орто мектептин босогосун аттагам. Турмуш шартыбызга байланыштуу 2010-жылы Омск шаарындагы мектепте, 2011-жылы Бишкек шаарындагы №9 окуу-тарбия комплексинде окуп, мектепти 2017-жылы бүткөм. Ошол эле жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ветеринария факультетине тапшыргам. Азыркы учурда 5-курсунун студенти болом.

Жолдошум экөөбүз тайпалаш болобуз. 5 жыл сүйлөшүп, 2022-жылы 19-ноябрда баш коштук. Азыркы учурда ата-энебиз менен турабыз», — деди ал.

Асель айым жаӊы келин болуп келгенде эсте калган кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Жаӊы келин болуп келгенде үй-бүлөмө күнүгө түрдүү тамактарды жасап бергенге аракет кылчумун. Көп сүйлөй бербеген кайын иним бар. Бир күнү баарыбыз дасторкондо чогулуп, унчукпай тамактанып жатсак, ошол кичүү кайним агасына кайрылып: «Жакшы аял алыптырсыӊ, азаматсыз!» деп коет. Баарыбыз күлүп жибергенбиз.

Бир жолу уйкулуу көзүм менен башка бөлмөгө кирип баратсам, астыман апам чыгып, экөөбүз бири-бирибизден чочуп, кайра күлүп жибергенбиз», — деди ал.

Асель бош убактысында түрдүү тамак-аштарды жасаганды, жолдошу менен кино көргөндү жакшы көрөт.

«Даамдуу тамактарды жөн эле жасабастан, аны кантип кооздош керектигин интернеттен үйрөнөм. Жолдошум көптөгөн белектерди берди. Эмнелерди гана берген жок. Зер буюмдарын, гүл, таттууларды, коён, жумшак оюнчуктарды… Бирок, эсте калганы эӊ биринчи белеги болду. Анда жаӊы сүйлөшүп баштаганбыз. Мага жаӊы жылга карата жумшак свитер берип, өзүнүн себинип жүргөн атырын сепкен. Аны дагы деле кийип жүрөм.

Негизи жолдошум менен тайпалаш болгондуктан аябай көп урушчубуз. Көп жактырчу эмесмин. Бир күнү аябай катуу урушуп кеткенбиз. Мен таарынып, такыр сүйлөшпөй койгом. Бирок жолдошум таарынганыма карабай күндө жазып, чалып, маанайымды көтөрүп, таттуу алып берип, «жылуу кийин» деп мени карап жүрчү.

Жолдошум: «Сен мыктысыӊ, сенин колуӊдан келет. Азаматсыӊ, сени жакшы көрөм. Менин аялым кыйын, сени менен сыймыктанам» деп көп айтып, колдоп турат», — деди ал.

Каарманыбыз мал доктурлук кесипти эмнеден улам тандап алганын дагы сөз кылды. Анын айтымында, бала кезинен мал-жандыктарга жакын болгон.

«Мен кичинемден жаныбарларга жакын болчумун. Бала кезден мени мал-жандыктар курчап турчу. Үйдө 10 чакты мышыгыбыз, 2-3 итибиз, мал короодо койлор, уйлар, аттар бар эле. Атам-апам болуп жайлоого чыгып, 7-классымдан баштап уй саап, үйдөгүлөргө жардам берчүмүн.

5 жашымда сарык оорусу менен ооруп, ооруканага жатып калгам. Ошондо чоӊ атам тирүү балык алып келип берген. Мен балыктарды аябай жакшы көрчүмүн. Эртеӊ менен турсам балыгым өлүп калыптыр. Аябай жаман болгом. Дагы бир жолу чоӊ атам мага бир уй энчилеп берди. Ал уй абдан жоош, сүйүкүмдүү болчу. Аны күндө сылап, эркелетчүмүн. Бир күнү үйдөгүлөр аны сатып салышыптыр. Менин уюм кана деп ыйлаганым эсимде.

Негизинен мал доктур болом деп ойлогон эмесмин. Окууну бүткөндө үйдөгүлөр: «Дарыгер болосуӊ, медицина боюнча тапшыр» дешкен. Бирок мен ветеринария боюнча тапшыргам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE