Пример HTML-страницы

Караколдо микроавтобус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу ооруканага жеткирилди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-март күнү Каракол шаарында микроавтобус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Гебзе жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган жерде №102 машруттук каттамдагы унаа менен «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен «Аудинин» айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилди.

Мындан улам тургундар аталган аймакка ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин орнотуу керектигин суранышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE