Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк 18 жаштагы Адил пандемияда чыгармачылыкка аралашкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 18 жаштагы тургуну Адил Сансызбаев ар тараптуу өнөр ээси. Аны менен аймактык кабарчы таанышып, маек курду.

Жаш талант 2004-жылы Кара-Көл шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти 2022-жылы аяктаган. Учурда жазгы аскердик чакырууну күтүп, Ата Мекенге кызмат өтөөчү күндөрдү күтүп жаткан кези.

Анын айтымында, 16 жашында чыгарма жазып баштаган.

«Алгачкы чыгармамды пандемия учурунда жаздым. 2020-жылдын март айы эле. Ошол учурда 9-класста окуп жаткам. Өлкө боюнча карантин киргизилип, мектептер онлайн окууга өткөн кез. Көчөгө чыга албайбыз же мектепке бара албайбыз. Буга чейин тасма тартуу жаатында шаарыбыздагы өнөрлүү Заирбек Акматбеков байке менен тааныш болуп калгам. Үйдө отуруп Заирбек Акматбековдун социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялап жүргөн чыгармаларына кызыгып, окуп көрөйүн деп кирип, эмнегедир жан дүйнөмдө шыктануу сезими пайда болду. Муну чыгармачыл инсандар илхом же эргүү деп коюшат. Колума калем алып, кагазга жазып баштадым. Ошентип адабият дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамдар, там-туң баскан балача жарала баштады. Алгачкы жазганымды кайра окуп чыктым. Ачыгын айтайын, азыр эстеп күлөм. Ичи толо ката, үтүр, чекити же суроо белгиси жок. Анан ага «Кемпир жана чал жана анын жалгыз үйү» деп тема койдум. Абдан кыскача жазып, бирок кыска аңгемеге 1 жумалык окуяны батырдым. Эң биринчи эле ата-энеме жана Заирбек агага окуттум. Алар мени мактап ,жакшы сөз айтышты. Мени дагы да чыгарма жазууга шыктандырып, дем-күч, түрткү беришти. Күн сайын чыгарма жазам деген ой адатка айланды. Арадан 1 жыл өтүп, бир аз тажырыйба алгандай болдумбу же чоңойдумбу, көп чыгармаларды жаздым. Шаарда китеп сынагын уюштуруп, чыгарма жазып, спектакль да коюуга жетиштим», — деди ал.

Адил 2021-жылдан тарта ыр жазып баштаган. Азыркы учурда 150дөй ыры бар.

«Өткөн жылы Бишкек шаарында 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнүн алкагында Алыкул Осмоновдун поэзиясын даңазалоо максатында өткөрүлгөн «Алыкулду окуйбуз» эл аралык сынагында эл аралык «Рух-Бейне» чыгармачыл академиясынын президентинин диплому менен сыйландым. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы коомдук фондунун төрагасы Замир Асаналиевдин ыраазычылык катын алдым», — деди ал.

Анын айтымында, шаардын маданият үйүндө 2018-жылы «Замандын өгөй балдары» спектаклинде башкы каармандын образын ойногон.

«Бул спектаклди маданият үйүнүн режиссеру Жаркынбаев Бектемир ага коюп, эл алдына тартууланган. Анда мен ата-энеси жок, көчөдө калып калган селсаяк Көчөбек аттуу жетим баланын ролун ойнодум. Образ жараткандан кийинки сезимдер абдан сонун болду. Чахнага биринчи кадамым ошондо болду. 1 ай даярданып, анан элге, окуучуларга, мекеме-ишканаларга койдук. Бир күндө 400-500 адам келип, көрүп жатышты. Ошентип бир жума катарынан коюп, спектаклден кийин элдер мени таанып, мактап, кээ бири ыйлап да жатты. Былтыркы жылы кайра өзүмдүн калемиме таандык «Ажырашпагылачы» аттуу спектакль коюуга жетиштим. Аны 1 ай даярдап, маданият үйүнүн сахнасына алып чыгып, элдин жакшы сөздөрүнө», — деди ал.

Адил келечекте аскер кызматкери болууну каалайат. Ал ыр, чыгарма жазуудан бөлөк дизайн жасоо, видео монтаждоо менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE