Пример HTML-страницы

Чолпон-Ата шаарында табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу боюнча эки күндүк тренинг өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарында 1-2-март күндөрү «Кыргызстандагы тоо көлдөрүнүн жарылуу жана сел жүрүү коркунучтарынын алдын алууда улуттук системаны бекемдөө менен табигий кырсыктарга мониторинг жүргүзүүдө коомчулуктун көндүмдөрүн жөнгө салуу» аталышындагы эки күндүк тренинг өттү.

Тренинг «Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрдүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу» аталышындагы долбоордун алкагында экинчи ирет өтүүдө.

Иш-чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы кызматкерлери, пилоттук айыл аймактын жетекчилери, жергиликтүү депутаттар, экологиялык мониторинг жасоо группаларынын мүчөлөрү катышты.

Тиешелүү адистер тарабынан аталган долбоорду ишке ашыруу жолдорунан баштап тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусу, ташкындоосу, сел жана жер көчкү, коркунуч жараткан аймактар туурасында толук маалыматтар берилип, тараптардын өз ара пикир алмашуусу да болду.

Тренингдин катышуучусу, Чон-Сары-Ой айылынын тургуну Асыл Орозбекованын айтымында, бул долбоор бүгүнкү күндө чоң ролду ойнойт. Эми анын алкагында иш улана турчу айылдагы элге табигый коркунучтар тууралуу маалыматтар берилет.

Долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Япония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын алкагындагы кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу боюнча тапшырманы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду пилоттук Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарында ишке ашырды.

Тренингдин жүрүшүндө экологиялык мониторинг топторунун кадамдары пилоттук деп белгиленип, долбоор ишке ашыруулуучу аймактардагы жасалуучу иштер да ортого салынды.

«Эки күндүн ичинде Бостери, Чон-Сары-Ой айылдарынан жана Чолпон-Ата шаарынан келген активдүү, демилгелүү экологиялык мониторинг топтору үчүн окуулар жүрдү. Бул топтор кандай кылып мониторинг жүргүзүү керектиги, кандай кылып табигый кырсыктардын алдын алуу жактары, эл менен иштөө, элге маалымат берүү жолдору тууралуу маалымат алышты», — деп билдирди долбоордун координатору Ч.Абдыраимакунова.

Тренингдин катышуучулары: «Тренинге катышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл районундагы бөлүмүнүн кызматкерлерине бул долбоордун ишке ашуусу менен коомчулукка табийгый кырсыктар жана андан сактануу жолдору туурасында маалыматтарды кеңири таратууга, бул багыттагы ишти жөнгө салууга шарт түзөт» деген ойлорун билдиришти.

Эскерте кетсек, түбөлүк тоңдун кыйрашына байланыштуу климаттын өзгөрүшү жана жердин температурасынын жогорулашы шартында Кыргызстанда 2000ден ашык тоо көлдөрүнө коркунуч жаралууда. Алардын дээрлик 20 пайызы табигый дамбалардын туруксуздугунан, тез-тез төгүлүшүнөн жана дамбалардын ичиндеги муздун эришинен улам жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Мөңгүлүү көлдөрдүн бузулуу коркунучу жыл сайын 328 учурга бааланат. Мөңгүнүн акыркы ири кыйрашы 8-жылдын 2022-июлунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE