Пример HTML-страницы

Чоң атасы менен атасынын жолун улаган А.Турдубекова «Жыл мугалими» сынагынын райондук турунда баш байгени жеңип алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАйнур Турдубекова Токмок шаары жана Чүй районундагы мугалимдер арасында өткөн «Жыл мугалими» сынагында баш байгени утуп алды.

Каарманыбыз Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейде кыргыз тил мугалими болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чоң атам Турдубек 47 жыл математик мугалими болсо, өз атам Абысейит географ мугалими болгон. Мен да мектепте өз ордумду таап, «мугалимдер династиясы» деген сыйга ээ болуп, аталарымдын жолун улап келе жатам», — деди ал.

Турдубекова Айнур Абысейитовна 1983-жылы 20-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында туулган.

«Атам Турдубеков Абысейит географ мугалими жана мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, апам Турдугазиева Анипа айылдын дарыгерлик амбулаториясынын жетекчиси кызматын аркалаган. 7 жашка чейин айылдык бала бакчада тарбияландым. 1991-жылы Байымбет (Тоголок Молдо) атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 2000-жылы аталган мектепти “эң жакшы” деген бааларга аяктадым. Турмуш шартка байланыштуу Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, 2005-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими тастыктаган дипломдун ээси болгом.

Кыргыз тили мугалими болуп калышыма сабак берген агайым, айтылуу балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин иниси Зарылбек Бейшеналиев себепкер болгон. Агайымдын таасирлүү сабактарынан жана “келечекте мыкты мугалим болосуң” деген сөзүнөн таасирленип өстүм», — деди ал.

Ал эң алгачкы эмгек жолун 2005-жылы өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде баштаган.

«2008-жылы “Жаш мугалимдердин депозити” сынагына катышып, жеңип алгам. 3 жыл аталган мектепте изденүүчүлүк менен чыгармачылыкта иш алып барып, 90 000 сомго ээ болгом. 2011-жылы март айларында Ак-Талаа районундагы “Жыл мугалими-2011” сынагында 1-орунга ээ болуп, райондук кеңештин ардак грамотасына ээ болгом. Ал эми окуучум — 11-класстын окуучусу Маратбекова Күмүшай олимпиаданын райондук турунда 1-орун, облустук турда 3-орунду камсыздаган», — деди ал.

2011-жылы декабрь айында Чүй районунун мектептерине «жаш адистер керек» деген чакыруу менен Чүй районундагы Шамшы орто мектебине директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана кыргыз тили мугалими катары ишке орношот. Ал жерде жашаганга туруктуу турак жай болбогондуктан, 2012-жылы 1-сентябрда Чүй айылынын Султан Ибраимов атындагы орто мектебине которулуп келет. Дал ушул мектептен анын келечекке деген кадамдары түптөлө баштайт.

«Чүй районунун Мээнеткеч айылынын тургуну Курман менен таанышып, үйлөндүк. 2013-жылы “Жыл мугалими” кароо-сынагына катышып, баш байгени багындырып, Чүй райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйландым. Көп өтпөй декреттик өргүүгө чыгып, Элайым, Элнура аттуу кыздардардын энеси болдум. 2016-жылы Токмок шаарынын кичи районунда жайгашкан “Алтын уя” балдар бакчасында алгач мамлекеттик тил мугалими, жыл айланган соң жетекчиси катары кызмат аркаладым. Кыздарым мектеп жашына чамалап калганда бакчадагы жетекчилик ишимди өткөрүп, 2019-жылы Токмок шаарындагы №11 орто мектебинин мамлекеттик тил мугалими катары кайрадан ишимди уланттым», — деди ал.

Каарманыбыз үзүрлүү эмгектин арты менен жетишкен ийгиликтерин да айтып берди.

«2020-жылы кыргыз адабияты кабинетин этно кабинет кылып жабдыганым үчүн Токмок шаардык мэриясынын мактоо баракчасына ээ болдум. 2021-жылы 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган дилбаяндар кароо-сынагында 11-класстагы окуучум Жапарова Мээрим 1-орунга ээ болсо, 2022-жылы Токмок шаардык мэриясы тарабынан өткөн көркөм окуу сынагында 11-класстагы окуучум Азамат уулу Аманбек 1-орунга, дилбаяндар сынагында 10-классынын окуучум Жолдошева Татына 2-орунга, Дамирова Алтынай 3-орунга ээ болгон.

2023-жылы “Түрксой — түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” аттуу дилбаяндар сынагына 10-класстагы окуучум Тухтобаева Аслиниса катышып, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия сыяктуу мамлекеттеринин ичинен алдыңкы ондукка кирген. Окуучум кызыктыруучу сыйлык жана ыраазычылык кат алды. Окуучумду таптап, даярдаганым үчүн мен дагы Түрксойдун ыраазычылык катына ээ болдум.

2023-жылдын октябрында өткөн Токмок шаарынын 156 жылдыгына арналган шаардык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты предметинен 11-класстагы окуучум Жолдошева Татына 3-орунду камсыздады.

2023-жылдын октябрь айынан баштап окуу бөлүмунүн башчысы жетекчилигинде иш алып баруу менен мугалимдерди аккредитациялоого даярдык көрүп, жогорку квалификациялуу кадр болууга ат салышам деп жаткан убагым», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу, жалгыз кыз.

«Инилеримдин улуусу Тынчтык, кичүүсү Жекшен. Тынчтык Турдубеков Абысейитович Түркия мамлекетинин Стамбул университетинин программист адистигинин ээси. Ал учурда Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенет. Ал эми кичүү иним Жекшен Турдубеков айылдык мектепти аяктаган соң, НМУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистигин бүтүргөн. Ал эр эңиш боюнча дүйнө чемпиону, айылдык кеңештин төрагасы, Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Атам Абысейит жол кырсыктын айынан чалдыккан илдетинен улам 1994-жылы көз жумган. Апам балдарынын билимдүү болушуна болгон күчүн жумшады. Жогоруда айтып өткөн чоң атам 86 чыгып көз жумган. Ал санжырачы, тарыхчы, мыкты педагог болгон жана мага мугалимдик кесиптин түмөн-түйшүгүн ийне-жибине чейин үйрөткөн. Көзү өтөрүнө аз калганда да: “Окуткан окуучуларыңа ачууга алдырып катуу айтпа” деп керээзин айтканы дале бүгүнкүдөй эсимде. Мына ошондуктан бул кесипти сүйүп, ысыгына күйүп, суугуна тонгонума кайыл болуп эмгектенип келе жатам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE