Пример HTML-страницы

Чүйдө жол тандабас оодарылып кетип, 5 адам ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын тушунда, тактап айтканда айланма жолдогу жол-транспорт кырсыганан 5 киши жабыркады.

Күбөлөрдүн айтымында, «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, арыкка оодарылып калган.

Turmush басылмасына Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, бүгүн, 26-февраль күнү аталган жол кырсыгынан жабыркаган 5 адамды ооруканага алып келишкен.

Алар:

— 1993-жылы туулган Д.Н (кыз киши);

— 1994-жылы туулган Г.А (кыз киши);

— 1991-жылы туулган Б.К.Ж (кыз киши);

— 1974-жылы туулган М.Т (эркек киши);

— 1989-жылы туулган К.А (эркек киши).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE