Пример HTML-страницы

Чүйдө 405 миң сомду алдап алып кетти деген киши күбө катары суралып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБала бакчага эмерек жасала турган акчаны алдап алып кетти деген киши күбө катары суралып жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-майында Ленин РИИБге борбор калаанын тургуну М.А. кайрылып, чала тааныш Э.Д. аттуу адам ишенимине кирип, 21-февралда саат 14:00 чамасында Жал кичи районунда «бала бакчага эмерек жасайм» деп 405 000 сом акча каражатын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт Ленин РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында жаран Э.Д. Ленин РИИБдин тергөө кызматына чакырылып, күбө катары суракка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим чыгарылат.

Жабырлануучулардын бири Аскат Молдогазиев Turmush басылмасына кайрылып, тергөө иштери жакшы жүрбөй жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE