Пример HTML-страницы

Баткен шаарынын Дөгмөн жайлоосунда кичи ГЭС куруу үчүн 1,8 гектар жер бөлүндү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгине кичи ГЭС куруу үчүн жер бөлүндү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 25-марттагы сессияда кабыл алышты. Анын негизинде Баткен шаарынын аймагындагы Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгине кичи ГЭС куруу үчүн 1,80 гектар жерди берүүгө макулдук берилди. Кичи ГЭС куруу үчүн долбоорду жеңүүчү тарап менен келишимди түзүү мэрге жүктөлдү. Түзүлгөн келишимге жыл сайын шаардын инфраструктурасын колдоо үчүн социалдык иш-чараларды киргизүү жана социалдык буюртманы ишке ашыруу 3 жылдык мөөнөткө белгилөө жагы сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE