Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү мушташ эмнеден улам чыкканы айтылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-август күнү социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде сабалган эс алуучулардын видеосу тарады.

Анда мушташ «Радуга Вест» пансинатынан алыс эмес жерде скутерди ижарага алып иштеткен адамдардын жана 2 эс алуучунун арасында мушташ чыкканы айтылат.

Аталган видео боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы төмөнкүлөргө токтолду. Бүгүн, 16-августта саат 19:00 чамасында Ысык-Көл РИИБге аталган видео боюнча кабар түшкөн. Бул факт райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу жерине барган.

Анда милиция кызматкерлери тарабынан скутерди ижарага алып иштеткен адамдар мушташка катышканы аныкталган.

Алардын айтымында, эс алуучулардын бири скутер айдап жүрүп, суу транспортунун моторуна суу куюп алган. Эс алуучу скутерди оңдоо үчүн акча төлөөнү убадалаган. Бирок жээкке чыккандан кийин убадасына турган эмес. Натыйжада алардын арасында мушташ чыккан.

Учурда окуяга катышкан эс алуучулардын өздүгү такталып жатат.

Скутерди ижарага алып иштеткендер аймактык милициянын тергөө кызматына аталган факт боюнча көрсөтмө алуу үчүн жеткирилген.

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE