Пример HTML-страницы

Видео — Тоңдун тургуну койлорун сүлөөсүндөн куткарып калды

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районундагы Ак-Сай айылынын тургуну Тегизчил Таалайбеков кой кайтарып жүргөн учурда сүлөөсүн кол салууга аракет кылган. Окуя 16-февралда болгонун аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин сарай Ак-Сай айылынан 3 чакырым алыста жайгашкан. Сайда койлорду көздөй сүлөөсүн кетип баратканын байкап калып, артынан кыйкырып кубаладым. Негизи бул жандык акыркы убакта койго кол салган учур көп болуп жатат.

Быйыл кошунам 3 коюн сүлөөсүн жегенин өзү көрүптүр. Негизи кекиртектен мууздап, канын соруп кетет экен», — деди Т.Таалайбеков.

Буга чейин сүлөөсүн бар деп укса, быйыл өзү көрүп жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE