Пример HTML-страницы

Turmush: «Жетекчибиз полду тазалап, жууп баштады»: Кыргызстандык үй-бүлөнүн Япониядагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Зыягүл Аскар кызы. Ал бүгүнкү күндө үй-бүлөсү менен Японияда жашап, жолдошу окуп, өзү иштеп жатат. Мекендеш Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.

Зыягүл Аскар кызы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында төрөлүп өскөн. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетин химия мугалими адистиги боюнча аяктаган.

Студент кезимдеги кыялым реалдуулукка айланып кетти

Японияга келүү менин студент кезимдеги катуу самаган кыялым болчу. Эсимде, 2011-жылдары университетте атайын программа боюнча семинарга катышып калып, кыялдарым Японияга карай учуп калган эле. Ошол убакта «Япон кереметинин сырлары» (автор: Нуржигит Кадырбеков) деген китеп колума тийип калды. Окуп алып жөн отура албай, япон тилин үйрөнгүм келип, катуу киришкеним эстен кетпейт. Япон тилин дагы деле билбейм. Татаал, бирок кызыктуу.

Японияга сапар

2018-жылы үй-бүлөбүз менен Оштон Бишкекке көчүп барып, балдарды мектеп, бала бакча, ийиримдерге алып барып, үйдө болдум. Жолдошум мамлекеттик кызматкер болгондуктан, 2022-жылы JICA’нын стипендиялык программасы аркылуу Япониянын Эл аралык университетине окууга мүмкүнчүлүк алды. Ошонун негизинде келип калдык. Айлык акы боюнча чоң шаарларда көп төлөнөт, шаардын статусуна жараша. Биз Ниигата префектурасындагы Минамиуонума шаарында турабыз. Тоолуу шаар болгондуктан абасы таза, жапжашыл, Кыргызстандын тоолорундай сонун шаар. Үйдөгү крандын таза суусун пайдаланабыз. Мисалы, биздин префектура боюнча айтсам, айлык акы саатына 930 йенден (560 сом) кем болбош керек жана жумасына 28 сааттан ашып кетсе, салык төлөп иштей бересиң, чектелбейт. Бир үй-бүлөдөн жубайлар тең иштешсе, күнүмдүк тиричилигине жеткире алат.

Жетекчибиз отура калып, полду кырып жууп баштады

Японияга келген соң аябай иштегим келип, эмне жумуш болсо дагы япон чөйрөсүнө аралашуу кызыктуу сезилди. Мага окшогон бир тоолук кыргыз кызы үчүн иштин оор-жеңили жок болчу. Жумушту кадимки мигранттардай эле өзүбүз кыдырып, ыңгайлуу шарттарын карап, издештирип таптык. Бардыгы биринчи «Япон тилин билесиңби?» деп сурап жатышты. Өз тилин ушунчалык урматтаган, патриот эл болушат экен.

Кыскасы, сонун жумуштарды таап алдым. Тез татым даярдалуучу жайдан баштадым. Учурда «Comtek» деген камера чыгаруучу ишканада камераны калибровкалоо жана текшерүү линиясында иштейм. Ар бири өз өлкөсү үчүн салым кошкусу келет. Япондордун кайсы тармак болбосун, кандай кызматта болбосун, өз ишин майын чыгара жасаган, эмгекчил, өтө кичипейил, жетекчи, кызматкер дебей жамаатта бири-бирине кам көрүп, жардамын аябаган адамгерчиликтүү сапатын аябай бааладым.

Мен сыйлаган агартуучу Сейтек Качкынбаев агайдын бир маегинен уктум эле, «Эгер жумушта өзүнөн жашы кичине кызматкер мурдараак кирип, эмгек стажы жогору болсо, жашы улуусуна карабай, биринчи барып учурашып, бири-бирине сый мамиле көрсөтө беришет», — деген. Чындыгында эле ошондой экен. Бири-бирине рахмат айтып, ызаат көрсөтүүдөн чарчашпайт.

Эсимден кетпейт, тез татымында жетекчибиз мени тааныштырып, чогуу аралашып жүргөн. Бир убакта эле жетекчибиз отуруп алып полду кырып тазалап, жууп баштады. Мен ошондо аябай таң калгам. Азыркы камера чыгаруучу ишканада дагы эртең менен ишти баштардан мурун жууп-тазалоо иштерин баарыбыз чогуу жасайбыз.

Япон тилине басым жасашат

Карапайым эле мигрант катары айтсам, жумуштагы шарттары, талаптары, эмгек акынын так, убагында жакшы төлөнүшү аябай жакты. Мүнөздөрү, ишенимдери ар башка болгону менен жумуш үстүндө ийкемдүү, жөнөкөй, жардамга даяр, бири-биринин өтө аяр мамиле жасашкан, башкаларды беймаза кылып карай бербеген же өздөрүн салыштырып, эч мактанбаган өзгөчө сапаттарын байкадым. Негизгиси эркинсиң.

Кыйынчылыгы десемби же кандай, япон тилине басым жасашат. Муну өз элине болгон сый-урмат деп түшүнөм жана жетекчилер өзүнө кабинет жасап, чалкалап отурганын элестете албайсың. Мисалы, бизде баары чоң залда жөнөкөй эле тосулган иш ордунда жумуш башталгандан бүткөнгө чейин туруп иштешибиз керек. Танапис, түштөнүү убактыларында гана эс алабыз. Жогоруда айтып кеткендей, жумушуңду так, таза, жоопкерчилик менен жасаганга үйрөнүш керек. Баса белгилеп кетким келет, бирөөнүн жеке чек арасын сыйлоо, ошол эле тандоосу, тиричилиги, көз карашы, дини, үй-бүлөсү жөнүндө темалар өтө одоно экенине түшүндүм.

Окуучуларды мектеп директору өзү тосуп алат

Өзүнүн маданияты, менталитети, каада-салты менен заманбап жашоону айкалыштырып, дүйнөнү суктандырган феноменинин сыры эмнеде деген ойлор мугалим катары мени дагы абдан кызыктырат. Балдарыбыз бала бакча, мектепке баргандыктан, алар менен кошо күнүмдүк мамилесине катышып, баамдап отуруп, бала тарбиялоо жана билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрүнө суктандым. Албетте, бул жеке оюм жана ушул жааттагы адистер турганда көп сөз айтуудан тартынып турам.

Дайыма суктанып айтып жүрөм, мектеп окуучуларын күндө эртең менен директору өзү тосуп алат экен. Биз мектепте чогулушка барганда да директору ийилип учурашып тосуп алып, ызааты менен узатып коёт. Мындай көрүнүштөр башында өөн учурап жатты. Мектепте окутуу япон тилинде болуп, англис тили кошумча сабак катары окутулат экен. Чет элдик окуучулар менен атайын англис тилин билген мугалимдер сабактарына жардам берип, чогуу иштешет. Балдарыбыз мектепке тез көнүп кетишти, аябай жакшы көрүп барышат. Мугалим болгондуктан мага дагы мектеп процесси өтө кызык болуп жатат.

Бир күнү мектепке чогулушка барып калдым. Окуучулар бөлүшүп, бири-бирине жардамдашып, жууп-тазалап жатышыптыр. Арасында балдарыбыз да дааратканасын жууп, таштандыларын жыйнап жатканын көрүп, өтө таң калдым. Соцтармактагы сурөттөрдүн дал өзүндөй болчу. Окуучулар дайым түшкү тамагын көтөрүп барышат же мектептин тамагы менен мугалимдери чогуу тамактанышат. Убакыт коюп алышып, тиштерин чогуу тазалашат. Муну бала бакчадан дагы көргөн болчумун. Ушундай байкалбаган эле адаттардан тазалыкка үйрөткөн сонун тарбия берилип жатпайбы. Кызыгы, улуттук тамактарын беришип, балага кичинекейинен улуттук даамды сиңирип, тамактануу маданиятына мугалимдери дагы зор салымын кошуп жатат деп эсептейм. Биз деле кичинекейибизде жеген даамдарыбызды өмүр бою сагынабыз, унутпайбыз го. Ошол сыяктуу үлгү алчу жактарын аябай баалап жатам.

Мамлекеттик мектептердин шарттары жана мугалимдеринин деңгээли Япония боюнча окшош деп айтышат. Бизге китеп, окуу куралдарын бекер беришти. Окшош спорттук мектеп кийимин сатып бергенбиз. Башка мектепке акча чогултуу деген нерсе жок экен. Сабактарына кошумча кышында лыжа тебүүнү, жайында сууда сүзүүнү үйрөнүшөт. Формаларын даярдап беребиз, калганы бекер. Баса белгилеп кетким келет, жаңы окуу жылдын башында балдардын ден соолугун медициналык кароодон бекер өткөрүп турушат экен. Көз, кулак, ооз көңдөйүнөн баштап жүрөгүнө чейин. Мамлекет ушунчалык деңгээлде келечегине кам көрүп жатпайбы. Мектептин түшкү тамагына жана кагаз куралдарына акча төлөнөт. Мектеп убактысы 1-класстар үчүн саат 08:00дөн 14:45ке чейин, чоң класстардыкы көбөйүп кете берет.

Мартта окуу жылыбыз аяктайт, апрелде ьаштала турган жаңы окуу жылына даярданып жаткан учурубуз.

Көчөдө жаткан таштандыны сөзсүз бирөө алып коет

Көчөлөрдө таштанды урналар жок, бирок таптаза. Какырынып-түкүргөн японду көрө элекмин, тамеки тартуу үчүн дагы атайын уруксат берилген жайларды пайдаланышат. Көп эле көрүп жүрөм, көчөдө кокустан таштанды жатса, чоң энелер же ким болбосун сөзсүз алып, тазалап коюшат. Коом кайдыгер эмес. Бири-бирине үлгү болуп, кам көрүшөт. Бир күнү мигрант жумушчулардын бирөөсү желим бөтөлкөсүн күйүүчү таштандыга таштаганын байкаган япон эже аркасынан барып, желим бөтөлкөнүн урнасына салып, жылмайып гана түшүндүрүп койду. Эртеси күнү «болот», «болбойт» деген кагазды урналарга чаптап коюптур. Кайдыгер болбогондуктан коом ушинтип тарбиялана берет да.

Таштанды үчүн коммуналдык төлөм төлөбөйбүз. Бирок таштандыны атайын баштыкчаларга туура сорттоп, календары менен эрте алып чыгабыз. Баары ушуга үйрөнүшкөн, көнүшкөн, адат кылып алышкан. Чындап эле япондор тазалыгы менен таң калтырат.

Программа боюнча ушул жылдын июнь айынын аягында Кыргызстанга кайтабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE