Пример HTML-страницы

Ташкенттик дарыгерлер Сузакта мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөй баланы текшерүүдөн өткөрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Өзбекстандын Ташкент шаарынан келген дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүштү. Бул тууралуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринен түзүлгөн «Эне мээрими» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нуржамал Шабданова билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөдөн келген дарыгерлер балдарды 3 күн бою текшерип, кеңештерин беришти.

«Сузак районунун Барпы айыл аймагында 2014-жылдан бери «Эне мээрими» коомдук бирикмесинин алдында түзүлгөн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алуучу күндүзгү калыптандыруу борбору иштеп келет. Мында биздин айыл аймакка жакын жайгашкан айылдардан аярлуу катмардагы балдарды караган ата-энелер келип, балдарына кам көрүп кетишет. Борборго келип жүргөн энелердин бири баласын Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарындагы атайын реаблитатциялык борборго алып барып, жакшы жыйынтык бергенин айтып калды. Мындан улам биз ойлонуп, ал жакка барууга ар кимдин чамасы келе бербейт деп, ошол дарыгерлерди Кыргызстанга, Сузакка чакырууга макулдаштык. Дарыгерлер менен байланышсак, алар биздин сунушту туура кабыл алып, келип, балдардын саламаттыгын текшерип, ата-энелерге кеңештерин беришти.

3 күндүк кабыл алууда Ош облусу, Ысык-Көл облусу жана Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери балдарын текшерүүдөн өткөрүп кетишти. 3 күндүн ичинде ак халатчандар 100дөн ашык баланы медициналык кароодон өткөрүп, зарыл болгон дары-дармектерди жазып беришти. Эми эки айдан кийин кайрадан келип, балдарды экинчи ирет кароодон өткөрүшөт. Коңшу өлкөдөн келген ак халатчандар мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдиришти», — деди Шабданова.

Барпы айыл аймагындагы аталган балдарды калыбына келтирүү борбору 2014-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Айыл аймакта мүмкүнчүлүгү чектелген 152 бала бар болсо, анын ичинен 42 бала такай борборго келип, адистердин көзөмөлүндө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE