Пример HTML-страницы

Таласта жүргөн селдин кесепеттери такталып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 23- апрель күнү Талас облусунун 2 районунда жүргөн селдин кесепеттери такталып жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда облус аймагында абал тынч. Сутка ичинде 4 сел каптоо кырсыгы катталды. Жабыр тарткан адам жок. Айтматов районунун Арчагул айылында, Талас районунун Кара-Суу, Көк-Кашат, Ак-Жар айылдарында сел жүрдү. Учурда жарандык коргонуу комиссиясы жеринде селдин кесепеттерин такташууда.

  • Буга чейин Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 22-апрелде Талас районунда катуу жааган жаандан улам айылдарда кыян жүргөнү кабарланган.

Маалым болгондой, Талас шаардык №17 ӨКБга саат 18:57де Талас районунун Кең-Кол айылындагы Семетей көчөсүндө үйлөрдү сел суулары каптап жатат деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле, саат 17:50 чамасында Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр автоунаа жолун каптаган. Жерине Талас району боюнча ӨКБнын башчысы Э.Курмарбаев жана 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.

Саат 17:56 чамасында Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн талаадан түшкөн сел каптаган. Жерине Талас району боюнча №101 ӨКБнын башчысы Э.Курманбаев, 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.

Талас районунун Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын ички көчөлөрүн сел суулары каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE