Пример HTML-страницы

Талас облусунда «Рулда» аталышындагы рейд башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында «Рулда» аталышындагы рейд башталды. Бул тууралуу Талас ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 13-июндан 19-июнга чейин өтөт.

Рейд учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкаргандарга катуу чаралар көрүлөт.

Бул иш-чаранын максаты — жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE