Turmush — Түп районундагы айыл аймактар арасында кыргыз элинин улуттук каада-салтын, маданиятын жана үрп-адатын жайылтуу максатында үй-бүлөлүк сынак уюштурулууда. Бул тууралуу маданият бөлүмүнүн башчысы Турдугүл Жаныманова билдирди.
Анын айтымында, маданият бөлүмү атайын жобо иштеп чыгып, «Ырыс алды ынтымак үй-бүлөдөн башталат» сынагы Каркыра айыл аймагында уюштурулду. Ага жалпысынан 8 үй-бүлө катышты.
Жыйынтыгында төрт муунду, башкача айтканда баласы, небере, чөбөрө жана кыбырасын алып чыгып, улуттук баалуулук, таалим-тарбияны даңазалаган Жылуу-Булак айылынын 83 жаштагы тургундун үй-бүлөсү баш байгени багындырды.
Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Галерея: Түптө үлгүлүү үй-бүлөлөр аныкталууда.