Пример HTML-страницы

Панфиловдо жергиликтүү тургундар спорттун 3 түрү боюнча ат салышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 11-февраль күнү Чүй облусунун Панфилов районунда «Ала-Тоо кышы — 2023» иш-чарасында жергиликтүү тургундар спорттун 3 түрү боюнча күч сынашты. Бул тууралуу Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Ринат Момуналиев билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара тоо этегиндеги Кум-Арык айылындагы Кайнар-Булак капчыгайында өткөрүлдү.

«Тоо этегинде Букара, Эркин-Сай, Орто-Кайырма, Тельман, Орто-Арык, Чорголу жана Чолок-Арык айылдары жайгашкан. Анда жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен эмгектенет.

Кечээ, 11-февралда «Ала-Тоо кышы —2023» иш-чарасы биздин аймактагы Кайнар-Булак капчыгайында өттү. Анда тоо боорунда жылгаяк тебүү менен бирге кыз-келиндер жана эркектер арасында аркан тартыш, кол күрөш жана гиря көтөрүү боюнча спорттук мелдеш уюштурулду. Жеңүүчүлөргө район аким сыйлыктарды тапшырды», — деди Ринат Момуналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE