Пример HTML-страницы

Өткөн жылы 7 үйдүн короосун суу каптаган Панфиловдогу айылда сел өткөрүү каналы тазаланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨткөн 2023-жылы 7 турак жайдын короосун суу каптаган Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылында 620 метр сел өткөрүү каналы тазаланды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Нурлан Узакбаев билдирди.

«Өткөн 2023-жылы жаз эрте келген. Февралда катуу жааган жамгырдан улам Панфилов айылындагы тоо этегине жакын жайгашкан 7 турак жайдын короосун жана ички көчөлөрдү суу каптаган. Бирок, оор жабыр тарткандар катталган эмес. Мындай жайда коопсуздукту сактоо максатында райондун акими Бекмаат Масаидовдун тапшырмасынын негизинде райондук ӨКБ тарабынан 2024-жылдын жаз алды менен 620 метр сел өткөрүү каналында механикалык тазалоо иштери толук бүткөрүлдү. Натыйжада, 84 турак жай жана 1,5 чакырым ички көчөлөр корголду. Райондун акими мерчемделген иштер менен жеринде таанышты», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE