Пример HTML-страницы

ОшТУда студенттер менен куткаруучулар Түркиядагы апаатты талкуулашты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жашоо-тиричилик коопсуздугу жана гуманитардык технологиялык колледждин геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук кафедралары тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу өткөрүлдү.

Иш-чарага ӨКМдин куткаруу отрядынын кызматкерлери жана Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү, аталган эки кафедранын жамааты жана бул багытта билим алып жаткан студенттер катышты. Жолугушууда «Түркия апаатынын көйгөйлөрү» аттуу теманын алкагында талкуу жүрүп, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу боюнча адистер студенттерге маалыматтарды беришти. Мында калк арасында өзгөчө кырдаалдар орун алган учурда жөнөкөй жарандар эмне кылуу керек, куткаруучулар кайсы учурда кандай жардам көрсөтүп, куткаруу керек экендиктери жөнүндө айтылды.

Жолугушууда 6-февралдагы Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине барып келген ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү өздөрү күбө болгон окуялар тууралуу студенттерге кеңири айтып беришти.

2023-жылдын 6-февраль Түркия мамлекетинин аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу тобунда кызмат өтөп келгендиги үчүн ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү Ош технологиялык университетинин ардак грамотасы менен сыйланды.

Алар:

— Кушбаков Курманбек Турсунбаевич — ЗЧС-02 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын автомобиль кызматынын башчысы, майор;

— Бекташов Манас Маматжанович — ЗЧС-06 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан мобилдик-куткаруу отрядынын командири, майор;

— Мадиев Жылдызбек Эркинбаевич — Гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-18(11) тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан мобилдик-куткаруу отрядынын 1-мобилдик куткаруу тобунун нускоочу — улук суучулу, прапорщик;

— Жаанбаев Мухаммед Таалайбекович — Гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-18(9) тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын коммуналдык пайдалануу кызматынын кампа башчысы, прапорщик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE