Пример HTML-страницы

Оштогу байыркы мечиттин курулушуна эчкинин сүтү менен тыбыты колдонулган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Рабат-Абдуллахан мечитинин кышы ат араба менен Самарканддан ташылып келген. Жергиликтүү тургундар мечиттин таржымалы тууралуу айтып беришти.

Алардын айтымында, мечит 16-кылымда курулган. Кышынын топурагына эчкинин сүтү жана тыбыты кошулуп жасалгандыктан бүгүнкү күнгө чейин сапатын жоготпой келет.

Мечит Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде жайгашкан.

«Мезгилинде Улуу Жибек жолунун соодагерлери Ош шаары аркылуу да өткөндүктөн мечиттин орду кербенчилердин сарайы болгон. Кербенчилер Сулайман-Тоо астында азыркы мечит ордунда эс алып, намаз окуп, түнөп өтүшкөн. Мечиттин эшиги да арча дарагынан жасалып, бүгүнкү күндө Сулайман-Тоо музейинде сакталып турат», — дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE