Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы соттун алдына кайрадан адамдар топтолду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-мартта «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативине көп суммадагы акча берип, үй ала албай калган 15ке жакын жаран Ош шаардык сотунун алдында кайрадан нааразылык акциясына чыкты.

Бүгүн саат 14:00дө Ош шаардык сотунда аталган кооперативдин жетекчиси Бактыбек Аалиевдин баш коргоо чарасы каралмак. Бирок белгисиз себептерден улам Бактыбек Аалиев сотко саат 14:00дө алып келинген жок.

«S-LINE» коммерциялык эмес турак жак кооперативине 320 миң сом которуп, бирок үй ала албай жаткан Азат Бекбоев соттор Бактыбек Аалиевдин бөгөт коюу чарасын дем алыш күндөрүнө дайындаганы шек жаратып жатканын айтат. Ал Б.Аалиевди соттор үй камагына чыгарышы мүмкүн деп күмөн санап жатат.

«Бүгүн Ош шаардык соту Бактыбек Аалиев үй камагына чыгарса, ал карыздарын төлөп бербейт. Эгер эркиндикке же үй камагына кое бере турган болсо, мындан ары биз Ак үйдүн алдына президент Садыр Жапаровго барабыз», — деди Азат Бекбоев.

Буга чейин Бактыбек Аалиев Ошто элге үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шектелип кармалган. «S-LINE» кооперативине каршы 24 киши арыз жазган. Алар кооперативге кирүү үчүн биринчи 218 миң сом төлөп, кийин ай сайын кооператив белгилеген сумманы төгүп турушканын айтышкан. Келтирилген зыян 40 млн сом деп эсептелген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 16-март күнү 24 жарандын арызынын негизинде «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиевди камакка алган.

Аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, тийиштүү материалдар топтолуп, Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) негизинде кылмыш ишин козголгон.

«S-LINE» кооперативинин түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылган. 2022-жылдын 1-февралына чейин иштеген. Бул убакыт аралыгында кооперативге 102 киши үй алуу үчүн катталган. Алар кооперативдин мүчөлөрү катары «S-LINE» менен келишим түзүп, кирүү төлөмү катары 218 миң сом, кийин ай сайын акча төгүп турушкан.

Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, бул кооператив алдамчылык менен алектенген каржы пирамидасы катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө кооперативге акча которгондордун айрымдары эле үйлүү болуп, көпчүлүгү үй ала албагандыгы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE