Пример HTML-страницы

Кара-Кочкордогу дыйкандар 600 гектар жерге эгин эгүүгө камданып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштары башталды.

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Ибраим Курманбаевдин айтымында, учурда 2023-жылдын түшүмү үчүн 102 гектар жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди. Ал эми жаздык дыйкан чарбасы үчүн 600 гектар жерге эгин эгүү пландаштырылып, учурда айдоо иштери жүрүп жатат.

«Дыйкандарга азыркы учурда жеңилдетилген насыя аркылуу арпанын, буудайдын үрөнү алынып келди. Ошондой эле айыл өкмөткө жеңилдетилген, тактап айтканда 65 сомдон 5 тонна дизелдик отун бөлүнүп, дыйкандарга таратылып берилди. Андан сырткары Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө 11 чакырым ички каналдар жана арыктарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Ал эми көрктөндүрүү, көчөттөрдү отургузуу боюнча Кара-Кулжа токой чарбасы менен келишимдерди түзүп, арыздарды жөнөткөнбүз. Анын негизинде мекеме-уюмдар өздөрүнө керектүү көчөттөрдү алып, учурда тигип жатышат», — деди Курманбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE