Пример HTML-страницы

Эки көзүнө снаряддын калдыгы кирген лейтенанттын атасы үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushТажик тараптын куралдуу кол салуусунда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 24 жаштагы тургуну — лейтенант Элдияр Төлөновго ок тийип, эки көзүнө снаряддын калдыгы кирип кеткен. Аскер бүгүнкү күндө Бишкек шаарында дарыланууда.

Лейтенанттын атасы Таалай Ташбаев Turmush басылмасына берген комментарийинде уулунун бир көзүнө операция жасалганын билдирди. Анын айтымында, мамлекет дарыланууга жардам берип жатат. Элге кайрылып, ачык жардам сураган эмес.

«Элдияр менин жалгыз уулум. Мындан сырткары 3 кызым бар. Аскердик окуу жайда 4 жыл окуп, анан кызмат өтөп жаткан. Кол салуу 16-сентябрь күнү балам кызмат өтөп жаткан «Көк-Таш» заставасында башталып, саат 09:00-10:00 чамасында курсагына ок тийип, эки көзүнө снаряддын калдыктары кирип, Баткендеги ооруканага жеткирилиптир. Алар биринчи жардам көрсөтүп, дароо Бишкекке жиберишиптир. Ок алынып, бир көзүнө операция жасалыптыр. Биз 17-сентябрь күнү угуп, апасы экөөбүз Бишкекке жетип келдик. Азыр тирүү калганына сүйүнүп жатабыз. Бир көзүнө түрк дарыгери операция жасады. Сол көзүнө жасала турган операция оор болот деп жатышат. Себеби калдык 3 мм көздүн артына өтүп кетиптир.

Бул жакта дарыгерлер аракет кылышат экен, болбосо чет өлкөдөн жасалат деп турабыз. Бүт каржылоо мамлекеттен болуп жатат. Банктан эсеп ачуу деле оюбузга келбептир. Баламдын сүрөтүн коюшуп, бир нече адам жардам сурап, маалымат таратып жүргөндүктөн жакындарым өзүмө эсеп ачууну сунуштагандыктан ачтым», — деди Таалай Ташбаев.

  • Буга чейин социалдык тармактарда куралдуу кол салууда жаракат алган Элдияр Төлөнов эки көзүнө операция жасатуу үчүн жардамга муктаж экени тууралуу маалымат тараган.

Элдияр Төлөновго жардам берүүнү каалагандар үчүн эсептик номур: 9417018534544762 (KICB)

———————————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

  • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE