Пример HTML-страницы

Бакай-Ата районундагы 21 мектеп жаңы окуу жылына даяр

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Кулукеева билдирди.

«Быйылкы 2022-2023-окуу жылына карата Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүндөгү 21 мектеп, 1 окуу-тарбия комплекси, 17 бала бакча толук оңдоо иштеринен өткөн. Конкурстук негизде сынактан өтүп, оңдоо иштери республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн жана ата-энелердин жардамы менен каржыланды. Ал эми бала бакчалар болсо 1-августтан тарта балдарды кабыл алып, өз иштерин баштаган.

Жаңы окуу жылында Боо-Терек айыл аймагындагы Д.Дүйшөбаев орто мектебинин жаңы имараты ишке берилет. Мындан башка Шадыкан айыл аймагындагы Э.Капалов орто мектебинин, Оро айыл аймагынын Тойчубек уулу Жанадил орто мектебинин жана Миң-Булак айыл аймагынын Д.Батырбашиев атындагы Чалдыбар мектеп-гимназиясынын 2014-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаңы имараттарынын курулуш иштери башталган. Ортодо кандайдыр бир себептерден улам курулуш иштери токтоп калган. Быйылкы жылы ошол имараттарда иштер жанданып, курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми демөөрчү, эл аралык уюмдар тарабынан Өзгөрүш айыл аймагынын Кашка-Жол орто мектебинин жаңы имараты менен С.Собуров толук эмес орто мектебинде кошумча корпустун, Акназаров айыл аймагына караштуу Э.Дүйшеев орто мектебинде кошумча корпустун курулуш иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Оро айыл аймагына караштуу Т.Чолушов орто мектебинин жаңы имаратынын жерпайы казылып курулуш иштерин баштоо алдында турат.

Утурумдук оңдоо иштеринин аркасы менен мектеп эмеректеринин жарымын жаңылоого жетишкен Өзгөрүш айылынын Ү.Акынбеков атындагы орто мектебинин ийгиликтерине дагы күбө болдук. Бул мектеп Азия өнүктүрүү банкы тарабынан республика боюнча «Акылдуу мектеп» долбооруна кирген 10 мектеп. Анын ичинде Талас облусу боюнча жалгыз мектеп. Долбоорго киргенден тарта көп жаңыланууга жетишкен. Алсак, мектептин химия, физика жана биология кабинеттеринин ичиндеги эмеректер толугу менен жаңыланып, лабораториялардын эмеректери жаңыртылды. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 56 персоналдык компьютер, 75 планшет, 16 даана асма проектор экрандары менен, 15 даана өрт өчүргүч, интерактивдүү панелдер менен камсыздалган. Утурумдук оңдоо иштерине билим берүү тармагынан 50 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом жана демөөрчүлөр тарабынан 25 миң сом акча сарпталган.

Аз-аздан жаңыртуу аракети менен 1976-жылы пайдаланууга берилген мектептин эмеректери демөөрчүлөрдүн колдоосунун артында дээрлик бардык кабинеттердин парта, стулдары, доскалары жаңыртылып, жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алууга даяр», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE